• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыз төрөгөнү үчүн күйөөсү таштап кеткен Акмөөр жардамга муктаж

14 Бештин айы 2017 11:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2017. Элмира Курманалиева

Бирөөгө кор, бирөөго зар дүйнө. Айрымдар уул-кызга жетпей зарлап жүрсө, мончоктой болгон кыздарын таштап салып басып кеткендер да бар.

Акмөөр Юсупова беш балалуу эне. Төрт кыз төрөп, бешинчиси боюнда бар кезинде, УЗИ кыз деп көргөзгөн. Ошондо эркек төрөбөйсүң деп шылтоологон жолдошу, үй-бүлөсүн таштап, кетип калган. Бирок тагдырдын тамашасыбы айтор, бешинчиси уул төрөлгөн. Акмөөр жолдошу менен мыйзамдуу түрдө ажырашкандан кийин сот жолдошун ай сайын 6000 сом төлөөгө милдеттендирген.

Бирок, жолдошу эч кандай алимент төлөбөйт. Жашап жаткан үйдүн ижара акысы 3000 сом. Жардам берген жалгыз адам, пенсия жашындагы апасы. Жолдошу күндө ичип келип, ар күнү кыздарын турмушка берүүсүн талап кыла баштаган. Мындай нерсе көнүмүшкө айланган уруш-талаштан кийин экинчи кызы жакшы сүйлөй албай калат.

Бактыга жараша уул төрөп, сагынып күткөн уулунун атын Сагынбек деп койгон. Сагындырып келген Сагынбек көп өтпөй ооруп оорууканага түшүп калат. Аны уккан жолдошу эч бир басып келип баласынын абалын сураган да эмес.

Эгерде жолдошум баламдын дары-дармектерине каражат таап келип, абалын сурап койгонунда кечирип жарашмак болчумун дейт. Бирок андай кылбагандыктан жүрөгү сууп, көңүлү калып калгандыгын айтат.

Балдарым менин байлыгым. Булардын тагдыры менин тагдырымды кайталабаса экен деген тилек менен Борборго көчүп келген Акмөөр айымдын тагдырына кайдыгер карагыңыз келбесе редакцияга кайрылсаңыз болот.

https://www.youtube.com/watch?v=Vw_vauZiA4I&t=1s

Количество просмотров: 30