Мындан ары кыймылсыз мүлктү кайра каттатууда, сатууда, белекке берүүдө же мураска калтыруу, күрөөгө коюуда камсыздандыруу полиси талап кылынат.
Маалыматка караганда өкмөттүн тиешелүү токтому 9-августта кабыл алынган.
Кыймылсыз мүлктү каттоо финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы турак жайды камсыздандыруу мүлктү коргоо гана эмес, ар бир үй-бүлө үчүн финансылык коопсуздуктун маанилүү аспектиси экенин белгилеген. Турак жай камсыздандырылган болсо ар кандай кырсыктарда, сел, өрт жана башка күтүүсүз учурларда мамлекет чыгымды жаап берери айтылган.
Мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, айыл жеринде 600 сом турат.