• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыйноого айыпталган мурдагы полициячылар соттолду

25 Жетинин айы 2023 10:59 Бишкек Govori.TV

23-ноябрда Атырау шаарындагы сот Атырау шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы беш кызматкерине карата өкүм чыгарды. Алар үч жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылды.

Кыйноо иши боюнча айыпталган Чыңгызхан Айтбаев, Марат Жонбай, Тимур Мажитов төрт жылга, «кыйноого көмөктөшкөн» деп айыпталган Асланбек Төлөушов менен Эрбол Сигуатов үч жылга эркинен ажыратылды.

Сотко жабырлануучу да, анын жактоочусу да катышкан жок. Сот залына соттолуучулардын жакындары жана тарапкерлери чогулду.

Соттолгондор Атырау шаардык полиция башкармалыгында иштешкен.

Соттун өкүмү менен бардык айыпталуучулар наамдарынан жана үч жылга укук коргоо органдарында иштөө укугунан ажыратылды. Айыпталуучулар жазасын орто режимдеги колонияда өтөшү керек.

Соттун өкүмүнө ылайык, соттолгондордун ар бири жабырлануучу Руслан Куанышкалиевге моралдык чыгым үчүн 500 миң теңгеден төлөп бериши керек. Куанышкалиев келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпталуучулардан бир миллион теңгеден (2 250 доллардан) өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Бул иш боюнча сот 11-июлда башталган. Кыйноо боюнча жергиликтүү тургун Руслан Куанышкалиев арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өткөн жылдын февраль айынын башында полиция кызматкерлери аны үйдөн күч менен алып чыгып, башка адамдын денесине залал келтиргенин моюнга алууну талап кылышкан. Куанышкалиев өзүнө коюлган айыпты четке каккан.

Тергөө материалдарына ылайык, полиция кызматкерлери кармалган жарандын башына баштык кийгизип, муунтуп, сабап, психологиялык жана моралдык басым көрсөтүшкөн.

Соттук-медициналык экспертиза Куанышкалиев жеңил жаракат алганын аныктаган.

Количество просмотров: 184