• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыйраган Баткен…

23 Аяк оона 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам жакындарын жоготкондор бар. Капчыгай айылынын тургуну Нурланбек Дубанаевдин бир тууган агасы 53 жашында окко учту. Ал окуяны төмөндөгүдөй

Ал эми Максат айылында 15 үй талкаланган. Тажыгүл Дыжыраеванын үй-бүлөсү өткөн жылы гана жаңы тамга көчүп кирген. Кандуу жаңжалды көргөн тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда.

Ошол эле учурда Тажикстандын аскерлери Баткендин Максат айылындагы мектепти кайрадан өрттөп, талкалашкан. Мектеп аткыланган учурда бактыга жараша ичинде окуучулар болгон эмес.

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернационал айылында «Достук» базары толугу менен күйүп кеткен. Кароолчунун айтымында, ал жерге гранатамет түшкөн. Бүгүнкү күндө базар тыптыйпылы чыккан абалда.

Куралдуу жаңжалда жергиликтүү тургун Мухаммаджон Абдыманаевдин жол боюнда жайгашкан дүкөндөрү өрттөлгөн. Ал болжом менен 3 млн чыгымга учурап, айласын таппай турган чагы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй кыйратылган.

Бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан ажырады, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө чукулдады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, үйлөрүнө кайта элек…

Количество просмотров: 285