«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Балдар бакчадагы экологиялык тарбия берүү» деген тема талкууланат.
Айымдар бүгүнкү эфирде акыркы учурларда өтө олуттуу көйгөй болуп жаткан экология темасынын айланасында сөз кылышмакчы. Айымдырдын айтымында, жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо ар бир адамдын милдети.
“Кыйындын”катышуучулары:
Талкууда сөз баштаган Гүлнара Туйбаева балдарга экологиялык тарбия берүүнүн дал ушу бала бакчадан баштоо маанилүү экенин айтат. Ал белгилегендей азыркы коомдо бул экологиялык тарбия берүү негизги көйгөйлөрдүн бири.
«Кенже курактагы балдарга экологиялык тарбия берүү бул демек жаратылыш жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо, айлана-чөйрөгө болгон балдардын өзүнүн көз карашын калыптандыруу, ошо балдарга жаратылышты канчалык биз сүйсөк жаратылышта бизге ошондой жакшы тарабынан жемишин берет деп деген түшүнүктөрдү беришибиз керек. Мисалы ошол балдарды сейилдөөгө чыгарган учурунда аларды жаратылышка байкоо жүргүзүү, алсак дарактардын жалбырактарын мисал кылып, «мурда жашыл эле азыр күз мезгилинде эмне үчүн сары болуп калды?» деп балдардын ой жүгүртүүлөрүн калыптандыруу керек. Бул оюн аркылуу. Экологиялык оюндар сыңары мастер класстар бар, мисалы ошол экологиялык табигый материалдардан жасалган буюмдар менен балдарды тааныштырып алардын жасалуусуню тарыхын айтып берүү. Бул абдан маанилүү», — дейт ал.
Ал эми Жайлоо өнүгүү борборунун «Ананайка» балдар бакчасынын жетекчиси Жеңишкүл Шаршеева балдардын жайкы эс алуусу учурунда кыргыздын нукура салттары, үрп-адаттары менен бирге айлана-чөйрөнү коргоону үйрөткөн жайлар көп болсо деген пикирин билдирди.
«Биз «Жайлоо өнүгүү борбору» деп 2015-жылдан бери иштеп келебиз. Жайында балдар эс алууга жайлоолорго көп барышат. Ошондой эле малчынын балдары бар. Балдарды алаксытуу үчүн жөнөкөй эле мисалы, сууну шаркырап агып жатканын, көпөлөк кубалатып, төө бурчак тердирип, ар кандай кумурскаларды колдоруна карматы үйрөтүп, карагайдын арасын алып барып тааныштырабыз, мастер-класстарды өтөбүз. Көбүн эсе шаардыктар келет да, аябай кызыгышат. Балдар бири бири менен бир эле боз үйдүн ичинде улуусу кичисүү болуп баары тең ынтматта ойноп, таанышып аябай көңүлдүү өтөт. Ошону менен бирге ал балдарды тоодо эс алуунун эрежелерин, мындайча айтканда артынан таштанды таштабоону, ар дайым жаратылышты таза кармоону үйрөтөбүз», — деди ал.
Сөзгө кошулган Бегайым Мамбетова айлана-чөйрөдөгү тазалык ар бир адамдын өзүнөн башталат деген пикирин айтты.
«Эң биринчиден адам баласы биринчи өзүн тарбиялап, өзүнөн башташ керек. Бизде кыргызда жакшы сөз бар «тарбия башаты үй бүлөдөн башталат» депчи. Бала ошол үйдөгү ата энесинин, улуу адамдардын кылган кыймыл аракетин, баскан турганын көрүп тарбияланат. Бала атасындай же апасындай болгусу келет, ошол себептен эң биринчи бул үй-бүлөдө балдарды ошол таштанды таштоо болбойт жана ошондой эле сыртта жүргөндө өзүн алып жүрүү адебин үйрүү керек. Андан кийин тарбиячылар, мугалимдер балдарга тарбия берип үйрөтүп турсак биз ушул таштанды таштоодон, негиз эле ушул кыргызстаныбыздын жаратылышын коргоого салым кошобуз», — дейт ал.