Айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган кезектеги “Кыйын” тренинги өттү.
Бул жолу тренингде Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева ардактуу конок болду. Министр аялдардын лидерлиги — Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги экенин белгилеп, катышуучуларга өзү басып өткөн жолу тууралуу айтып берди.
Кендирбаева «Кыйын» долбоору туруктуу болушу керек деген пикири менен бөлүштү.
«»Кыйын» сыяктуу долбоорлор өтө керек. Анткени коомдо туруктуулукту, өнүгүүнү, туруктуу тынчтыкты камсыз кылуудагы аялдардын ролу өтө чоң. Тилекке каршы аялдын коомдогу ролун, лидерлигин калыптандыра турган атайын институттар жок. Көпчүлүк учурда социалдык-маданий баягы көнүп калган адат менен чектөө толтура. Бүгүнкү күндө биздин эң чоң жетишкендигибиз ошол аялдардын билимдүүлүгү, коомдук, саясий, экономикалык жүктү бирдей алып баруудагы жоопкерчилиги. Бирок алардын маалымдуулугун жогорулатууда сөзсүз түрдө алардын ушул коомдо иштеп жүргөн, жүк көтөргөн аялдар менен баарлаштырып, машыктыруучулук тренингдерди өтүү өтө маанилүү болуп эсептелинет», — дейт министр.