6 жылдан бери өз ишин улантып келе жаткан “Кыйын” долбоорунун тренингинен 300дөй айым өзүнүн лидерлик сапаттарын калыптандырып, тажрыйба топтошту.
“Кыйынга” катышкан айымдар алган билимин өз ишинде колдонуп, дагы да арбын жетишкендиктерге жетишип жатканы талашсыз.
Алардын бири Нуржамал Эралиева. «Чөйрө жаратман борборунун» директору, IT-адис болуп эмгектенген Нуржамал айым “Кыйындын” катышуучулары менен өз басып өткөн жолу, ийгиликтери менен бөлүштү.
Айымыбыз “Кыйын” ага эркиндик жана өзүнө болгон ишенимин арттырганын айтат.
Үч күндүн окутуу тренингдеринен аймактардан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу, заман талабы болгон блогерлик тармагы жѳнүндѳ окуулар өтүлүп келет. Тренингге жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, дарыгер, жарандык активист, жеке ишкер жана башка өз тармагынын мыктылары катышып келет.