• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кылалы, кылбасак «кысалы»… Момбеков «Кумтөрдү» улутташтырып салууну сунуштады

17 Бугу 2021 13:40 Бишкек Govori.TV

Кумтөр алтын кениндеги ишмердикти текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 17-майда парламентте Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйында сүйлөп жатып айтты.

«Октябрь райондук сотунун чечимин арбитраждык сот кабыл албайт. Мен беш миллиард долларлык доону «Кумтөрдөн» өндүрүп аларыбызга ишене албайм. Жеке пикиримде, мунун баары — жомок. Биз эгемендикти алгандан бери эле Кумтөргө кулдук уруп келгенбиз. Азыркы соттошуу коштошуу эмес, бул —достошуу. Эгер коштошо турган болсок, башкача жол менен баралы. Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак «кысалы». Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да», — деди ал.

Рыскелди Момбеков комиссиянын мүчөсү катары кабыл алынган токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикирин билдиргенин кошумчалады.

Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди.

Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Количество просмотров: 198