• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кылкандуу дан эгиндин 71 пайызы оруп-жыйналды

20 Баш оона 202411:26 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө кылкандуу дан эгиндердин 351,2 миң га же 71 пайызы жыйналды. Учурда өткөн жылга салыштырмалуу 71,2 миң га көп болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылы орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,4 ц/га, арпадан — 25,8ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан 6,4-4,8 ц/га жогору болгон.

Нарын облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери жаңыдан башталууда. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосу, жашылча ж.б. айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.

Кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого жалпы 810 комбайн тартылды.

Количество просмотров: 75