• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кылмыш ишинин документтерин бурмалаган милиция кызматкерлери соттолот

11 Үчтүн айы 2023 12:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдары кылмыш иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө ишке карата буюм далил табуу үчүн документтерди бурмалоо аракеттерин жасашкандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 348-беренеси (шалаакылык) менен 2 кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Ысык-Көл РИИБнүн мурдагы тергөөчүсү Ш.А.Т. жана аталган РИИБнүн мурдагы ыкчам кызматкери А.Ы.А. карата жогоруда белгиленген беренелер менен айыптары угузулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.

Количество просмотров: 49