Бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасында кармоолор болгонун 24.kg жана Kaktus.media укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазышты. Күч структураларындагы булактын билдиргенине караганда, борбордун прокурорунун орун басары ортомчу аркылуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевден акча талап кылганы белгилүү болгон.
Прокурордун орун басары «Тазалык» муниципалдык ишканасындагы текшерүүлөрдү токтотуу үчүн Алиевден 5 миң доллар сураган. Ошондон кийин Алиев УКМКга кайрылып, прокурордун орун басары акча алып жатканда кылтакка түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча полковник жана юрист кармалган.