• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кылычбек Султан: Аэропорттон кармап кетишет деп чочуладым(видео)

22 Жетинин айы 2018 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.11.2018.Govori.TV

Мурунку элчи Кылычбек Султан 20-ноябрда Кыргызстанга кайтып келген.   Учурда экс-элчи кыргызстанда жашап жатат. Ал стресстик абалда жүргөнүн, чек арадан  аны кармап кетеби деп чочулаганын айтып “Говори.ТВ” мультимедиалык агентигине эксклюзивдүү маек берди.
Эскерте кетсек,12-октябрда Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазган. Ал ошол эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан бошотулган. Ага чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү таратып, журналисттерге пресс-конференция уюштурган. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырма катары тапшырган.
Ал кыргызстанга келе жатып, башпаанек алууга толук мүмкүнчүлүк болгонун, бирок бул жолго барбаганын айткан.
“Мен бир дагы өлкөдөн башпаанек сураган эмесмин. Бул тек гана пресса үчүн арыз болгон. Менин ар түрдүү мамлекеттердин дипломатиялык корпустары менен байланышым бар. Мен үчүн башпаанек алуу жеңил, бирок мен аны каалаган жокмун. Арыз жазуудагы максатым кыргызстандагы бүгүнкү бийликтин жүзүн көрсөтүү болгон.
Өлкө башчысына Тышкы иштер министрлигиндеги көйгөйдү жеткирүү үчүн ушундай маалыматтык ыкма колдонгомун.
Сооронбай Жээнбеков менин дипмиссиядагы арыздарыма олуттуу караш керек болчу”,-деп билдирген Кылычбек Султан.

 

 

Количество просмотров: 10