• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кылычбек Султан: Малайзиядагы коррупция кылгандар жоопко тартылбай жатат

24 Аяк оона 2018 17:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Малайзияда болгон коррупциялык иштер боюнча маалымат берди. Бул туурасында ЖМК өкүлдөрү менен өткөн маалымат жыйында «Өлкө башчысына өзүм айтайын дегенмин, бирок Президенттин аппаратынан эч кандай мүмкүнчүлүк бербей койгонуна байланыштуу ЖМК аркылуу кайрылууга аргасыз болуп турам»,- деди элчи.
Анын айтымында Малайзия өлкөсүндө элчи болуп турган кезде бир катар коррупциялык иштерге күбө болуп, алардын изин ачууга салым кошкон. Алардын бири  Малайзиядагы Кыргыз элчилигине катталган 100 миң долларлык автоунаа бир катар тартип бузуулар болуп, мекемеге айып пул төлөө кагазы келип турган. Бирок, унаа жеке бир адамдын колдонуусунда болгон.  Мындан улам текшерүүгө алган элчи, бир катар далилдер менен УКМКга кайрылган.
Бирок, кийин Кореяга элчи болуп кеткенден тарта, күнөөлүүлөр дагы деле кызматта жүргөнүнө түйшөлүп турат.
Мындан сырткары элчи, бул маалыматты жарыялап жатып, тобокелге барганын кошумчалап өттү. Анткени алдыда кызматынан алынуу коркунучу дагы бар.
Количество просмотров: 22