Жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык Тоо күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Куала-Лумпурдун эң кыймылдуу көчөлөрүнүн биринде тематикалык видеороликти көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Бир жуманын ичинде Куала-Лумпурдун тургундары жана коноктору БУУнун жана башка эл аралык платформалардын алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдө Кыргызстандын алдыңкы позициясын чагылдырган видеороликти көрө алышат.
Видеороликти жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы кеңири кампаниясынын алкагында климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулду.