• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Малайзия билим берүү жаатында кызматташууда

22 Тогуздун айы 202415:39 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси, Эл аралык ислам университетинин башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Сайед Хуссейн Аль-Хабши жетектеген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар билим берүү жаатында кызматташуу багыттарын, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары кыргызстандык ЖОЖдор менен өнөктөш болуу, академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, студенттерди алмашуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерине көбүрөөк көңүл бөлүштү.

Белгилей кетсек, 1983-жылы негизделген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинде 24 миңден ашуун студент билим алат, алардын ичинен 6 миңге жакыны чет өлкөлүктөр.

Количество просмотров: 122