• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кылычбек Султан саясый кырдаалды талкуулоо үчүн курултайга катышат

21 Жетинин айы 2018 11:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.11.2018. Govori.TV
Кыргызстанга кайтып келген мурдакы элчи Кылычбек Султан курултайга катышат. Бул тууралуу өзү  24.kg агенттигине билдирген.
Анын айтымында, курултайда өлкөдөгү саясый кырдаал талкууланып, ачуу чындык айтылышы күтүлөт.
«Жогорку Кеңеш саясый маселелерди көтөрбөй калды. Андыктан патриот активисттер курултай аркылуу коомдогу маселелерди бийликке жеткирүүгө аргасыз», — дейт ал.
Буга чейин чет өлкөдөн башпаанек сурагандыгын жарыялаган Кылычбек Султан кечээ мекенине кайтып келди. Ал президент менен жолугуу ниетинен кайткан эмес.
Эскерте кетсек, курултай 24-ноябрда Бишкек шаарында Т. Абдымомуновдун атынданы Улуттук кыргыз драмм театрында өтөт.
Количество просмотров: 28