Эдиль Байсалов:

Кылыч Султанов президент Жээнбековтун кабылдамасына жайкы күндөрү кире албай, президенттин аппараттынын жооптуу кызматкерлерине (бир канчоосу күбө жана тастыктап беришет) «мени президент кабыл алышы керек сөзсүз. Мен деген Эдил Байсаловдой саясатчымын» деп кайра кайра кайталаганын угуп мен күлүп койгом.

Бүгүн мамлекетти жана өзүн өтө чоң уят кылды. Элчи башпаанек сураганы – бул Мекенди сатууга барабар! Бул дипломатия тарыхында эң чоң ЧП. Бул верстальщик болгон неме эштеке бололекте “караул” деп кыйкырып, “кандуу режимди сыртта туруп кулатам, кулатмайынча кайтпайм” деп Атамбаевдин телеканалында айтканын өз кулагым мен укпаганда, ишенмек эмесмин. Муну психиатрия менен кана түшүндүрсө болот. Соо киши муну жасай албайт.

Мен унчукпай деле койсом болмок. Бирок бул коррупция менен күрөшүмүш болгон «дипломаттын» денгээлин элге, өзгөчө жаштарга түшүндүрүүгө туура келди.

Псих истерикасы бирок уланууда. Навязчивая идея деп коет. Мен жөнүндө. Жакында эле «Эдилдей саясатчымын» деп 7-кабатта сыймыктанып атса, эми болсо «сендей эмесмин» дейт. Эмне болсо дагы, аман бол! Дарылан! Кечирим сурайсын, сөзсүз!