• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаев катышат

3 Жалган куран 2020 11:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум өтөт. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, соттук процесске мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышат.

«Алмаз Шаршенович сотко катыша тургандыгын билдирген. Андыктан бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө»,-деди Жоошев.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Количество просмотров: 167