• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кымбат Жусубалиева: Айыл өкмөттөгү бюджеттин ачык-айкындуулугун жакшырта алдым

30 Чын куран 202113:40 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Кымбат Жусубалиева.

Кымбат айым Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Акмуз айылынан келген. Мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим.

«Буга чейин жергиликтүү кеңештин эки чакырылышында депутат болгом. Депутаттык ишимде айыл өкмөттөгү бюджеттин ачык-айкындуулугун жакшырта алдым десем болот. Мен аялдардын колунан көп нерсе келе турганын, ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдим. Буюрса, алдыда Жогорку Кеңештин депутаты болоюн деген максатым бар»,-деди Жусубалиева.

Количество просмотров: 331