• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кырчында Британиялык дипломат чатырынан баалуу буюмдарын уурдаткан

5 Аяк оона 201817:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV.
Кырчын жайлоосунда болуп жаткан көчмөндөр оюндарына келген Британиялык дипломаттын үй-бүлөсү чатырынан баалуу буюмдарын уурдатып ийишкен. Бул тууралуу аталган өлкөнүн КРдагы элчиси Робин Орд-Смит өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыккан.
«Бул маалыматты угуп абдан жаман болдум, Кырчында менин кесиптешим аскер атташесинин үй-бүлөсү чатырынан баалуу буюмдарын уурдатышкан. Милиция кызматкерлери күнөөкөрлөрдү таап, уурдалган мүлктү ээлерине кайтарып берет деп ойлойм»,- деп жазган билдирүүсүндө Робин Орд-Смит.
.

Жабырлануучулар болгон окуя боюнча милиция кызматкерлерине кайрылышкан жана жоголгон  буюмдарын таап беришерине үмүттөрү чоң экенин билдиришкен.

 

Количество просмотров: 48