• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз аскерлери Тажикстандагы машыгууга катышты

23 Жетинин айы 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын «Фахробод» аскердик полигонунда «Кобальт-2021» атайын тактикалык машыгуулары өтүп, ага ИИМдин ички аскерлеринин «Шер» атайын даярдыктагы отрядынын аскер кызматчылары, «Шумкар» атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти.

Андан соң, ИИМдин «Шериктеш» (өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн) жана «Кыргыз милициясына 95 жыл, ИИМдин Ички аскерлеринин «Каармандык» медалдары менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана аталган машыгууга катышкандар сыйланышты.

Машыгуулардын аякташы менен КР ички иштер министринин орун басары Тажикстандын ИИМ академиясына барды. Анда эки мамлекеттин окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Курсанттар менен жолугушуу уюштурулуп, Октябрь Урмамбетов эки элдин ортосундагы достук мамилени сактап келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы коомдук тартипти, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоонун бирдиктүү максаты жөнүндө лекция окуду.

Количество просмотров: 284