• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргыз боз үйү Европаны багындырды

12 Тогуздун айы 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Боз үй стилинде жасалган улуттук павильон Италияда TTG Travel Experience 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө ачылды. Стенддин ачылышындагы кызыл лентаны Римини шаарынын мэри Жамиль Садегхольваад жана Туризм фондунун президенти Абылкасым Шерниязов кесишти. Бул тууралуу Туризм фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, көргөзмө өтүп жаткан Римини шаары Адриатика деңизинин жээгинде жайгашкан, ал Италиядагы эң байыркы деңиз жээгиндеги курорттордун бири жана анын пляж борбору деп таанылган. Туристтердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бул шаардын мэри «Кыргызстан» павильонуна баруу менен гана чектелбестен, Риминидеги кыргыз диаспорасы жана диаспоранын жетекчиси Калыбек Акиловдун демилгеси тарабынан даярдалган палоо жана башка улуттук тамак-аштарды да татып көрдү.

«TTG Travel Experience негизинен бизнесмендерге багытталган. Жыл сайын жүздөгөн туристтик агенттиктер, авиакомпаниялар жана башка туристтик компаниялар көргөзмөгө катышышат.
Кыргыз Республикасынан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана жети туристтик компания катышууда. Улуттук павильон боз үй формасында иштелип чыккан, ал өткөн аптада Парижде өткөн IFTM Top Reza көргөзмөсүндө өзүнүн баалуулугун далилдеп, азыр демонтаждалып, Италияга алынып келинди. Бул практика улуттук стендди курууда олуттуу унөмдөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Кыргыз Республикасынын павильону расмий ачыла электе эле чет элдик туроператорлор кыргызстандык кесиптештерине өлкөбүз тууралуу суроолор менен чабуул жасай башташты. Кыргызстанга кызыгуу абдан жогору жана кирешелүү келишимдерди түзүүгө реалдуу үмүт бар.
Бизнес күн тартибине кошумча семинарлар жана презентациялар пландаштырылууда, аларды Чет элдик бизнес үчүн фонддун кызматкерлери өткөрүшөт. Анда Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болот», — деп жазылат маалыматта.

Бул жылы TTG Travel Experience туристтик көргөзмөсү 60-жолу ачылды. Ал үч күнгө созулат.

Количество просмотров: 120