• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев каза болду

29 Тогуздун айы 2021 20:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.

Драматург, публицист Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларын жазган.

Govori. TV агенттигинин эмгек жамааты жазуучунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 488