• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президенттик шайлоону референдумдан кийин өткөрүү сунушталды

26 Жетинин айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

26-ноябрдагы Конституциялык кеңешменин жыйынында президенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу сунушталды. Мындай пикирди Мар Байжиев көтөрүп чыкты.

Байжиевдин  айтымында, президенттик шайлоону Конституциялык реформадан кийин өткөрбөсө өлкөдө кайра башаламандык болуп кетиши мүмкүн.

«Жаңы Конституция кабыл алынганга чейин жылдыруу өтүнүчү менен республиканын жетекчилигине кайрылалы. Биз азыр шашпашыбыз керек. Алгач Конституцияны кабыл алабыз, андан кийин жаңы Конституция боюнча шайлоону өткөрөбүз, болбосо башаламандык болуп кетет. Президенттик шайлоону жаңы Конституцияга ылайык өткөрсө болот», — деди Байжиев.

Количество просмотров: 172