• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чоң атам эмдөө алган». Маркум Байжиевдин небереси министрдин айткандарын четке какты

16 Жетинин айы 2021 11:54 Бишкек Govori.TV

Маркум жазуучу-драматург Мар Байжиевдин небереси Дастан Байжиев твиттер барагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Белгилей кетсек, министр Бейшеналиев буга чейин «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде жазуучу эмдөөдөн өткөн эмес деп билдирген болчу.

«Биз коронавирусту калктын вакцинациясы аркылуу гана жеңе алабыз. Учурда ооруп жаткан, кишилердин көбү эмдөөдөн өтпөгөнү үчүн өкүнүп жатышат. Ооругандардын көпчүлүгү 70 жаштан ашкан, башка дагы өнөкөт оорулары бар адамдар. Белгилүү адамдар өтүп кетип жатканы өкүндүрөт. Жакында эле Мар Байжиев өтүп кетти. Биз аны менен маектешкен учурда, анын эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон», — деп билдирген Бейшеналиев.

Көп өтпөй министрдин айтканына жооп берген Байжиевдин небереси Дастан Байжиев чоң атасы коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган.

«»Урматсыз» министр, эки нерсе боюнча тактоо киргизгим келет: биринчиден, сиз аны менен сүйлөшкөн эмессиз, экинчиден, чоң атам эмдөөдөн өткөн», — деп жазды Дастан Байжиев.

Количество просмотров: 5259