• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Кыргыз Көмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаев сабалды

1 Жетинин айы 201913:59 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар сабап кетишкен. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 31-октябрга караган түнү Туңгуч кичи районундагы машыгуу залынын жанында болгон. Анда эки бет капчан белгисиз адам катуу нерсе менен сабашкан.

Ашырбаев ооруканага көрүнүп, бүгүн 1-ноябрда жумушка чыкты. Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Учурда Октябрь РИИБи иш алып барууда, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 92