• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси алмашты

26 Бугу 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Элдияр Калдарбеков «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалды. Маалыматты ишкананын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини энергетика министринин орун басары Ч. Касымов ишкананын жамаатына тааныштырды.

Калдарбеков буга чейин КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болуп иштеген.

Кошумчалай кетсек, мурдагы директор Мирлан Жакыпов башка ишке которулган.

Количество просмотров: 298