• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

30 Жетинин айы 2018 21:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.11.2018.Govori.TV.
Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу 30-ноябрда парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев менен башкы машыктыруучу Туратбек Тойчубековду кабыл алган учурда айтылды.
Шамиевдин айтымында, сентябрь айында өткөн 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары жети алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып, эл аралык федерация статусуна ээ болгон.
2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландашырылып жатканын айткан федерация президенти Жогорку Кеңештин төрагасынан мындай олуттуу мелдешти өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көк бөрү салттуу ат оюну киргизилген.
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген объектилер: Сулайман-Тоо ыйык тоосу, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй облусунда — Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда — (Сары-Челек, Падыш-Ата, Беш-Арал).
Азыркы кезде кыргыздардын салттуу баш кийими ак калпакты жана Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Количество просмотров: 34