• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМКнын төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары кармалды

14 Чын куран 202610:12 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековду кармады. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Шабданбековдон тышкары УКМКнын дагы бир нече кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Кечээ, 13-апрелде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиев кармалганы белгилүү болгон.

Кылмыш иши тууралуу ИИМ маалымат бере элек. 

Количество просмотров: 154