УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды
Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин төрагалыгы алдында аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында ассоциациянын Президенти болуп генерал-лейтенант, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Төрагасы Жумгалбек Кумарович Шабданбеков шайланды.
Ассоциациянын вице-президенттери болуп төмөнкүлөр шайланды:
Ассоциациянын башкы катчысы болуп Эмиль Токтогонов дайындалды — Улуттук кулатуу күрөшү боюнча федерациясынын башкы машыктыруучусу.