Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев казакстандык кесиптеши Марат Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрүп, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттердеги көпүрөлөрдү реконструкциялоо маселеси талкууланды.
Ошондой эле «Камышановка – Ак-Суу» өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Биргелешкен жыйында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук инфраструктура жаатындагы кызматташтыгын чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошот деп белгиленди.