• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

25 Жалган куран 2020 20:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды жүк менен өткөрүү жандандырылды.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

2020-жылдын 25-мартына карата «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чоң-Капка автожол» аркылуу — 26 унаа Кыргыз Республикасына келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргыз Республикасынан кеткен. Жүк унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө.

Жүктөрдү арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продуктуларды ташууга убактылуу тыюу салган.

Количество просмотров: 81