Кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.
«Өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн жарандардын топтолушу катталган жок, бирок «Чоң-Капка-автожол» өткөрмө бекетинде унаалардын тыгыны байкалды», — деп белгилешти Чек ара кызматынан.