Бүгүн, 1-сентябрда, саат 15:00дөн 18:00гө чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту жабыларын УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Ал эми Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында башка өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.