Кыргыз Республикасынын УКМКнынЧек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы «Өтүкчү-автожол» (КР) — «Тул-автожол» (ӨзР) өткөрүү пункттарынын ортосундагы көпүрөнүн түркүктөрүн катуу суу агымынан улам суу жеп кеткендендиктен «Өтүкчү-автожол» (КР) өткөрүү пунктуадамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүгө убактылуу жабык экендигин маалымдайт. Кыргыз-өзбек чек арасын кесип өтүү үчүн жарандар жана транспорттор “Апкан” (КР) чек ара өтмөгүнө багытталат.
«Апкан» чек ара өтмөгү саат 07:00дөн 23:00гө чейин иштейт жана ал Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн гана арналган.
«Апкан» чек ара өтмөгү Баткен облусунун Баткен районундагы Апкан айылында жайгашкан.