• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекет жабылды

7 Үчтүн айы 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Казакстандын Бирдиктүү маалыматтык системасы бузулгандыктан кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң», «Токмок» автоунаа бекеттерин убактылуу жабууну сунуштаганын билдирди. 7-январдан баштап аталган чек ара бекеттери жабылды.

Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасында «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Чалдыбар», жана Ысык-Көлдөгү «Каркыра», Таластагы «Чоң-Капка» бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерде тыгын жок. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды

Количество просмотров: 73