• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү бекети убактылуу жабылат

8 Аяк оона 202210:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңылоого байланыштуу саат 11.00дөн 14.00гө чейин жана 17.00дөн 20.00гө чейин Талас облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пунктунда жарандардын өтүүсү жана унаалар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарланды.

Эртең, 9-сентябрда саат 19.00дөн 21.00гө чейин «Чоң-Капка-автодорожный» посту аркылуу жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

Кыргыз-казак чек арасындагы калган өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Количество просмотров: 122