• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштөөдө

5 Үчтүн айы 2022 18:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү пунктулары COVID пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

«Жаңы жыл майрамына байланыштуу 30-декабрдан тарта өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн режимге өткөн. COVID пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен адамдар, автоунаалар, жүк эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат. Кыргыз тарап да, казак тарап да эч кандай кошумча чектөө киргизген жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ушу тапта коңшу өлкөдө абал тынч эмес. 2-январда башталган нааразылык акциялары уланууда. Мындан улам УКМКнын Чек ара кызматы кырдаал курчуса тиешелүү чара көрөрүн кабарлаган.

Количество просмотров: 167