Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрүдөн жана көкпардан (жер улак) финалда Казакстандын курамасы менен беттешет.
Көкпар боюнча финалдык беттеш бүгүн, 12-сентябрда 11:30да башталат. Ал эми көк бөрү боюнча финалдык беттеш 16:30 өтөт.
Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Орусия курамасын 18:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда башталган. 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө.