• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселеси каралууда

26 Жалган куран 2020 20:21 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү экономикалык тармак боюнча түзүлгөн республикалык ыкчам штаб кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселесин карап, Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады.

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө жайларында жүк ташууну баштоо боюнча Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди. Ошондой эле жүк ташуучулар менен кырдаалды эске алып, бул процесстин механизмдерин иштеп чыгыш керек.

Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө керек болгон чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жабык турганынан ишкерлер жабыркады.

Количество просмотров: 325