• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

2 Чын куран 202411:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркеч-Там» бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу Кытай тараптын демилгеси. Кытайда Цинмин — маркумдарды эскерүү күнүнө карата «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү бекеттери 4-апрель күнү жабык болот.

5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Количество просмотров: 135