• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

28 Чын куран 202016:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасында майрамдала турган «Эмгек күнүнө» карата 2020-жылдын 30-апрелинен 5-майга чейин «Эркечтам унаа жолу» бекети жабык болот. Ал эми 6-майдан тарта аталган бекет кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Эске сала кетсек, «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети коронавирустан улам 2020-жылдын 15-апрелинде кайрадан иштей баштаган болчу.

Количество просмотров: 222