• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

26 Аяк оона 201913:05 Бишкек Govori.TV

Кытайда өтө турган билим күнүнө карата «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

«Торугарт» өткөрмө пункту 1-6-октябрь күндөрү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 7-октябрдан баштап өткөрө баштайт.

Ал эми «Иркештам» өткөрмө пункту 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болуп, 4-октябрда ачылат.

Количество просмотров: 235