• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

2 Теке 202011:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 1-июлда саат 20:42де күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Алай районунун Нура жана Эркечтам айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 74