• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөөлөр катталды

26 Үчтүн айы 2024 10:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, күн мурун күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Андан тышкары, бүгүн эле таңкы саат 06:17де жана 07:55те очогунда күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Бедел (4,5 балл), Ак-Шыйрак (4 балла), Ыштык айылдарында жана Кумтөрдө (4 балл) жер силкинүү сезилген.

Количество просмотров: 443