• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-Кытай мамилесин кимдер солгундаткысы келет?

10 Үчтүн айы 2019 9:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

7-январда Бишкек шаарынын Борбордук аянтында Кытай тарапка каршы митинг өткөн.

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Кытай эли менен болгон мамилени солгундатууга кандайдыр бир күчтөр бар экенин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы токтолду. Бирок, алар ким экенин айткан жок.

Буга чейин, Кытайдын Шинжаң аймагындагы «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларды эл аралык журналисттер жана он эки өлкөнүн дипломаттары кыдырып чыгышты.
Ага Кыргызстандын дипломаты да катышкан. Бирок мындай жайларда кармалып тургандардын абалы кандай экени тууралуу суроолорго жооп берген жок.

Количество просмотров: 30