• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Артур Медетбеков: “Кыргыз-кытай мамилесине батыштын саясатчы таасир этүүдө”

14 Үчтүн айы 2019 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Кытай менен Кыргыстандын ортосундагы карама-каршылыктар батыш өлкөлөрү менен Американын жүргүзгөн саясатына ылайыктуу. Себеби акыркы убакта болуп жаткан окуяларга бир гана Кыргызстанды эмес Казакстанды да аралаштырып жиберишүүдө. Мындай пикирин коопсуздук маселелери боюнча талдоочу, генерал Артур Медетбеков билдирди.

Медетбеков кытайларга каршы митингдерди колдогон айрым саясатчылар ортого от жакканын белгилейт.

«Ал саясатчылар оюндарга аралашып кеткени өздөрү да байкабай калды окшойт. Себеби социалдык тармактар аркылуу кыргыздын 60 миңдей кызы кытайга турмушка чыкты деген сыяктуу жалган маалыматтарды таркатып жиберишти. Ал эми расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанга келген кытайлардын саны 35 миңге жакын. Алардын 34 миңи кайра чыгып кеткен. Калган 1 миңдей кытайлык жаран тоо-кен, соода-сатык тармагында иштейт. Болгону 60 кыргыз кызы гана Кытайдын жарандарына турмушка чаккан. Анын алтоосу гана кытай улутундагы балдар болсо, калганы уйгур жана башка улуттагы жигиттер. Мындай туура эмес маалыматтарды берген айрым саясатчылар ортодо от жагууда», — дейт Медетбеков.

Ал Кыргызстан акыркы убакта инвестиция менен жашап жатканын, ал эми инвестиция тынчтыкты жакшы көрөрүн белгилеп, өлкөгө биринчи кезекте стабилдүүлүк керек экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-жылы Кыргызстандагы кытай жарандарынын саны 35 миң 215ти түзгөнүн айткан.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, былтыркы жылы Кыргызстанда 24 миң 836 кытайлык катталган. 2010 – 2018-жылга чейин 286 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган.

Булак: “Марал” радиосу

Количество просмотров: 23