Бүгүн, 9-сентябрда информатика боюнча эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен кыргызстандык окуучуларды “Манас” аба майданынан салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышты.
Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн Информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.
“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.
Жалпысынан кыргызстандык окуучулар 2000-жылдан бери информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда 3 күмүш жана 17 коло медаль алган.