• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны өттү

21 Тогуздун айы 202420:21 Бишкек Govori.TV

Москвага болгон расмий сапарынын алкагында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин биргелешип, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жыйынын өткөрүштү.

Анда МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров: “1924-жылы Россия Советтик Федеративдүү Социалисттик Республикасынын курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун, андан кийин 1926-жылы Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасы, 1936-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлүшү, элибиз үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгон эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалынын түптөлүшүнө айланган. Кыргыз жана орус элдеринин достугу кылымдар бою келе жатат жана ал улана берээрине ишенем”, — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын кошумчалады. 

“Өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы отурумдарынын жана жакында эле өткөн Кыргыз-орус аймактар аралык конференциянын оң натыйжаларын белгилегим келет. Мамлекет башчыларыбыз тапшырма бергендей, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча аракеттерибиздин темпин басаңдатпоону макулдаштык. 2022-2026-жылдарга карата экономикалык кызматташтыктын өкмөттөр аралык программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Орусиялык жеке бизнес жана инвесторлор Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ишин активдештиргени бизди абдан кубандырат. Биз россиялык инвестициялар үчүн ар дайым ачыкпыз жана инвестициялык сунуштарды ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз”, — деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров. 

Ал ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын, бүгүнкү күндө Фонд болжол менен 3500гө жакын долбоорду каржылаганын кошумчалады. 

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүнүн башчысы Михаил Мишустин эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, эки мамлекеттин ортосунда калыптанган союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк жалпы биргелешкен максаттарга жетүүсүнө ишенээрин билдирди.  

Ошондой эле биргелешкен жыйында Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү, транспорт, энергетика, маданият министрлери тарабынан өз тармагындагы иштер тууралуу баяндама жасашты.

Количество просмотров: 116