• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому болуп уюштурулду

7 Теке 202217:41 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомуна кайра уюштурулду. Бүгүн, 7-июлда «Кыргыз почтасы» иш-чара уютурулуп, ишкананын алгыга койгон пландары тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чарада «Кыргыз почтасынын» 2022-жылдан 2025-жылга чейинки өнүгүү палына негизги 4 багыт камтылган.

«Кыргыз почтасынын» жетекчиси Марат Черикчиев иш-чаранын катышуучуларынын алдында санариптик чечимдерди колдонуу менен тесттик режимде ишке киргизүү пландалып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат берилди.

««Кыргыз Почтасы» өнүгүүгө багыт алганын, жана бөлүмдөрдүн саны боюнча Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган катары логистика боюнча ички сервисти активдүү өнүктүрүүнү жана калк үчүн сапаттуу кызматтарды камсыз кылууну, ошондой эле «Реновация» долбоорунун алкагында «Кыргыз Почтасынын» салттуу бөлүмдөрүн заманбап көп функционалдуу борборлорго трансформациялоону пландаштыруудабыз», — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү максатында, ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын андан ары натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик ишкананы мамлекеттик менчиктеги акциялардын 100% сактоо менен ачык акционердик коомго кайра уюштуруу чечими кабыл алынган.
Акционердик коомдун алдында төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилей кетүү керек:

  • ички жана тышкы рыноктордо почта, курьердик кызматтар менен атаандаштык;
  • биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу;
  • банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуу;
  • өкүлчүлүктөрдү жана туунду ишканаларды ачуу аркылуу эл аралык аренага чыгуу;
  • Заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү Почта компаниясын түзүү.

Тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленген.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылды.

Өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди.

Количество просмотров: 324